Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 110
“ Өзгөн районундагы жаштардын дене-тарбиясын чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү максатында “Өзгөн шахмат клубу мекемесин” түзүлүүсүнө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Өзгөн районундагы жаштардын дене-тарбиясын чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү максатында “Өзгөн шахмат клубу” мекемесин түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап чыгып
Токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн алдында “Өзгөн шахмат клубу мекемеси” түзүлүүсүнө макулдук берилсин жана төмөндөгүдөй аталсын.
Мамлекеттик тилде толук аталышы: “Өзгөн шахмат клубу мекемеси”.
Расмий тилде толук аталышы: “Учреждение Шахматный клуб Узген”.
2. “Өзгөн шахмат клубу мекемеси” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Максутов Кылычбек Замировичке жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |