Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 111
“Айыл өкмөтүндөгү КБФ жерлеринин пайдаланылуусу жөнундө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү КБФ жерлеринин пайдаланылуусу б.а. келишимдик мөөнөтү бүткөн жерлерди мыйзамдуу түрдө аукционго кою боюнча маселени талкуулап чыгып
Токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл өкмөтү боюнча келишимдик мөөнөту бүткөн сугат, кайрак, чөп ормо жерлерин жазгы талаа жумуштары башталганга чейин аукционго коюп пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын
2. Милдеттендирилсин айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай , комуналдык менчик боюнча адиси Б.Кыдыргычовго аукционго коюлуучу жерлерди тактап чыгуу жагы
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |