Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 112
“Айыл өкмөтүндө “Ак-Жар Тазалык муниципалдык ишканасын” уюштуруу жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кенеши айылдардын санитардык тазалык иштерин жөнгө салуу максатында
Токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн алдында жаңы “Ак-Жар Тазалык муниципалдык ишканасын” түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
2. Ак-Жар Тазалык муниципалдык ишканасынын карамагына эл жашаган пункттардан мыйзамдуу аралыгы сакталган жер аянты 2 га жер аянты Катыранкы участкасынан жана 1 га жер аянты Большевик айылынын Семиз-Көлгө кеткен жолдун сол тарабынан, совхоз мезгилиндеги морчонун үстүнөн, айыл чарбасына ыңгайсыз жерден, жалпысы 3 га жер аянты бөлүнүп берилсин .
3. Муниципалдык мекеме түзүү, уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго милдеттендирилсин
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |