Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 115
“Ак-Жар айыл өкмөт башчынын 2020-жылда аткарган иштери боюнча”
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөт башчысынын 2020-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана бюджеттин пайдаланылышы боюнча отчетун угуп, талкуулап чыгып
Токтом кылат:
1. Айыл өкмөт башчысы К.Максутовдун 2020-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджеттин аткарылышында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, чет өлкөлүк инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |