Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 116
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджети жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кенеши жайыт комитетинин төрагасы О.Карабашевдин 2021-жылга карата малдын санына, жайыт аянтынын арендалары ж.б. техникалык кызмат көрсөтүү боюнча каражаттарынын негизинде пландаштырылган бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап
Токтом кылат.
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети айыл өкмөттүн аймагындагы малдарга жайыт акысы мыйзамда белгиленген кой, эчки 20сом, шарттуу малга 5х20=100сом, калган жер аянттарын пайдалануу (жер салыгы, аренда акы, келишим) жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн (келишимдин негизинде ) жыйындысынан түзүлсүн
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга пландаштырылган бюджети 423,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кенештин, “Айыл чарбачылыгы боюнча “ туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |