Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 117
“Ак-Жар айыл аймагынын элинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл аймагынын элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алынган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында
Токтом кылат
1. Ички жайыттан сырткы жайытка көчүрүү, көчүрүп келүү 5-майынан 10-сентябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин.
2. 2021-жылы 5-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилип, айыл өкмөтүнө көзөмөлдөө жоопкерчилиги жүктөлсүн.
3. Ак-Жар айыл аймагынын тургундарына 1-2ге чейиин саан уй, 1-5ке чейин кой-эчкиден мал алып калууга уруксат берилип, 2021-жылдын 5-майынан баштап бада уюштурулсун жана субай малдарды алып калууга тыюу салынсын.
4. 2021-жылдын 5-майынан баштап дыйкандардын улуш жерлерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтүүсү бузуулар кодексинин талаптарына ылайык аткарылсын.
5. Эгин жана чөп ормого түшкөн малга түрүнө карабастан келтирилген зыянды эсептөө менен айып салынуусу эскертилип, бузуулар кедексине ылайык жазана салынсын.
6. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү конуу эрежелерине жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесинин 185-186-193 статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “ Айыл чарбачылыгы боюнча “ туруктуу комиссиясына жана жайыт комитетинин төрагасы О.Карабашевге милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |