Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 118
«Ак-Жар айылынын жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши татыктуу инсандардын наамын көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2021-жылдын 18-январындагы Ак-Жар айылынын көчө жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде
Токтом кылат
1. Ак-Жар айылынын жаңы түшкөн көчөсүнө көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде Ак-Жар айыл тургуну ардагер мугалим Мамадразаков Барктабастын наамы берилсин. Мындан ары ал көчө “ Мамадразаков Барктабас атындагы көчө” деп аталсын.
2. Мамадразаков Барктабастын балдарына, тууган уруктарына, көчө жашоочуларына номер берип, көрсөтмө такталарын илүү жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу маселелери сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана айыл башчысына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |