Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 119
«Ак-Жар айылынын жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши татыктуу инсандардын наамын көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2020-жылдын 20-октябрындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде
Токтом кылат
1. Ак-Жар айылынын жаңы түшкөн көчөсүнө көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде жаштарды коомдук иштерге уюштуруудагы көрүнүктүү саамалыктары эске алынып Ак-Жар айыл тургуну коомдук активист Чоголов Сагындыктын наамы берилсин. Мындан ары ал көчө “ Чоголов Сагындук атындагы көчө” деп аталсын.
2. Чоголов Сагындыктын балдарына, тууган уруктарына, көчө жашоочуларына номер берип, көрсөтмө такталарын илүү жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу ( шагыл, труба) маселелерин уюштуруу сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана айыл башчысына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |