Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 121
«Ак-Жар айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Мамадразаков Мүрөк Барктабасовичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылынын 2021-жылдын
19-февралындагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун жана Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты катары элдин социалдык маселелерин чечүүдөгү демилгелүү эмгегин баалап, талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Мамадразаков Мүрөк Барктабасовичке Ак-Жар айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө токтому бекитилсин.
2. «Мамадразаков Мүрөк Барктабасович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
3. Большевик айыл тургуну, Мамадразаков Мүрөк Барктабасовичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |