Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 123
“Большевик айылынын тургуну Маматаев Улукбек Калмаматовичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кКеңеши айыл өкмөтүнүн алдыщкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүү планына киргизген. Ушул максатта Большевик айылынын 2021-жылдын 21-февралындагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун жана жаштар менен иштөөдөгү активдүү эмгегин баалап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну, Маматаев Улукбек Калмаматовичке Большевик айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүүжөнүндөгү токтому бекитилсин. «Маматаев Улукбек Калмаматович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Большевик айыл тургуну, Маматаев Улукбек Калмаматовичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |