Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 124
“Тазалык ишканасынын таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши айылдарда тазалыкты сактоо, таштандыларды чыгаруу боюнча өткөзүлгөн сурамжылоо жана жалпы чогулуштардын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн айылдарда санитардык тазалоо, таштандыларды чыгаруу иштерин тазалык ишканасынын аткаруусуна карата айылдардагы ар бир кожолуктун айына 40 (кырк)сомдон толөнүү өлчөмү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Айылдардагы калкка тазалык ишканасынын иш жүргүзүүсүнө карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүү коомдук уюмдарга, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |