Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 125
“Айылдагы санитардык, тазалык эрежелерин сактабагандарга жаза чараларын көрүүнү уюштуруу жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши айылдардагы тазалыкты сактоо,көчөлөрдү тартипке келтирүү менен жугуштуу оорулардын таркалышына бөгөт кою максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн айылдарында тазалык эрежелерин сактабаган (көчөгө таштанды төгүү,өрттөө ж.б.) жарандарга бузуулар кодексинин жобосуна ылайык жаза чара көрүлөрү (1,0 миң сомдон 7,0 миң сомго чейин) бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бузулар боюча” түзүлгөн комиссияга, аксакалдар сотторуна, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |