Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 126
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн айылдарынын кошумча аянттарын ген планга киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши 2009-жылдан берки жарандардын үй салууга муктаждыгынын өтө жогорку деңгээлге жеткендигин белгилеп жана ген планга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынан 2009-жылга чейинки курулуп калган № 193 контурдан 3,30га, өзгөн-Кара-Шоро жолунун оң тарабынан контуру жок 2,40га, айылдын түндүк тарабындагы № 103 контурдан 0,30га, жалпысы 6,0га, жер аянтын,
Большевик айылынан 2009-жылга чейин курулуп калган Ак-Тилек участкасынан контуру жок 1,40га, совхоз мезгилинде тооккана катары пайдаланылып келген контуру жок аянтынан 0,80га, айылдын чыгыш тарабындагы совхоз мезгилиндеги айыл чарбасына ыңгайсыз контуру жок жер аянтынан 1,74га, айылдагы теплицанын үстүнөн №317 контурдагы 0,60га, жалпысы 4,54га жер аянтын,
Какыр айылынан 2009-жылга чейин курулуп калган айылдын батыш тарабындагы №6 контурдагы жер аянтынан 4,60га ферментациянын ылдый тарабындагы контуру жок 2,16га, жалпысы 6,76га, жер аянтын, жалпы айыл өкмөтү боюнча 17,30га жер аянттарын ген планга киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “ Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |