Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2021-жылдын 27-майы № 4
“2021-жылдын 11-майындагы жаратылыш кырсыгы жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар адиси А.Келдибаевдин 2021-жылдын 11-майындагы катуу жааган жаандан келип чыккан селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар адиси А.Келдибаевдин 2021-жылдын 11-майындагы болуп өткөн жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу, алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Өзгөчө кырдаалдар адисинин мындан наркы ишинин негизги багыты өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыгуучу аймактарды (канал, дарыя ж.б) аныктап керектүү алдын алуу иштерин жүргүзүү жагы болсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык Кеңешинин ( Социалдык маселелер боюнча) туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Турдали уулу К. |