Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-марты № 200
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы турак жай ээлеген жер аянтынын ээси Абдрахманов Ражапбай Эркинбаевичдин жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы турак жай ээлеген жер аянтынын ээси Абдрахманов Ражапбай Эркинбаевич жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүп элди тейлөө үчүн автоуна оңдоочу, жуучу жай куруу боюнча Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 3 главасынын негизинде Абдрахманов Ражапбай Эркинбаевичдин жазган арызын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы турак жай ээлеген жер аянтынын ээси Абдрахманов Ражапбай Эркинбаевичдин 800 кв.метр №726206 Гос Актысы менен турак жай ээлеген жер тилкесинин ичинен 400 кв.метр аянтына автоуна оңдоочу-жуучу жай куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Жер аянтын мамлекеттик актысынын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгынан сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Дөн-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
П.А.Эсеналиев |