Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-марты № 202
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылындагы калктуу конуштун ичиндеги жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылындагы калктуу конуштун ичиндеги жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылындагы калктуу конуштун ичиндеги 100 м.кв. жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Жер аянтын мамлекеттик актысынын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык, агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Дөн-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
П.А.Эсеналиев |