Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-июлу № 5
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнө 326,0 миң сом кошумча план жеткирилсин. КР аймагында жүрүп жаткан covid-19 оорусуна байланыштуу бала бакчалар толук иштебей жаткандыктан кошумча жеткирилген акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясына кириштелсин жана ата-энелер төлөмү болгон атайын каражаттар эсебинен 100,0 пландан кыскартылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А Сагындык уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы |
И. Жусупов |