Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-августу № 8
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак айылындагы №2 контурунан 1,30 га жер аянтына таза суу түтүктөрүн тартуу үчүн скважина куруу жөнүндө
2017-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3 пункттарына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн, Дөң-Булак айылындагы №2 контурундагы жер аянтына таза суу түтүктөрүн тартууга скважина куруу үчүн 1,30 га сугат айдоо жер аянтын ажыратып берүү максатында токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылындагы №2 контурундагы жер аянтына таза суу түтүктөрүн тартууга скважина куруу үчүн 1,30 га сугат айдоо жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн жер аянтынын керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Жер аянтын керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан суралсын.
4. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы |
И. Жусупов |