Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-августу № 9
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал айылындагы №629 контурунан 1,0 га жер аянтына таза суу түтүктөрүн тартуу үчүн кампа куруу жөнүндө
2017-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3 пункттарына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы №629 контурунан 1,0 га жер аянтына таза суу түтүктөрүн тартуу үчүн кампа куруу максатында токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы №629 контурундагы жер аянтына Таза суу ишканасына база курууга 1,0 га жана суу кампасын курууга 1,0 га жалпысынан 2,0 га кайрак айдоо жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн жер аянтынын керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Жер аянтын керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан суралсын.
4. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы |
И. Жусупов |