Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-сентябры № 10
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын №31, №36 беренелерине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын жалпы элдик жыйынынын 07.05.2021-жылдагы №5 протоколунун чечимин угуп, айылдын атын өзгөртүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылынын аты “Достук” айылы болуп өзгөртүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик жогорку органдардан Бабаш уулу айылынын атын “Достук” айылы деп өзгөртүп берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы |
И. Жусупов |