Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 11
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айлык киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн киреше салыгынан 439.2 миң сом, Жайыттан 90,0 миң сом жалпысы 529,2 миң сом кошумча план жеткирилсин. Кошумча жеткирилген акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аппарат бөлүмүнө 290,3 миң сом, Айылдык кеңеш бөлүмүнө 12,9 миң сом, Жайыт бөлүмүнө 90,0 миң сом, Маданият бөлүмүнө 6,0 миң сом жана ЖКХ бөлүмүнө 130,0 миң сом акча каражаты кириштелсин.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А Сагынбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы |
И. Жусупов |