Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 12
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургундарынын көчөгө ат ыйгаруу боюнча 2021-жылдын 13-октябрындагы №1 протоколун бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургундарынын көчөгө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2021-жылдын 13-октябрындагы жалпы чогулушунун №1 протоколунун бекитип берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургундарынын көчөгө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2021-жылдын 13-октябрындагы жалпы чогулушунун №1 протоколу бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы мурдакы Кум-Арык-2 көчөсүнүн экинчи жарым бөлүгү эски тегирменден баштап, Үч-Алыш көчөсүнө чейин Омуралиев Ороздун көчөсү деп аталсын.
3. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү, көчөгө жарыктандыруу орнотуу, жөө жүргөн адамдар үчүн жол (тротуар) ачуу жана көчөнүн боюндагы Кум-Арык каналынын тазалыгын көзөмөлдөө жагы демөөрчүлөр менен Чымбай айылдык комитетинин башчысы Р.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы |
И. Жусупов |