Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 13
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резервин түзүү жөнүндө
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резервин түзүү үчүн шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Улуттук уюштуруу маселелери, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттары менен иштөө” боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде токтом кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата Дөң-Булак айыл аймагында жашаган №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резерви түзүлсүн. (тизме тиркелет)
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Мыйзамдын 19-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резерви Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы |
И. Жусупов |