Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 7
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу АЧЖМФЖнен ижарага алган 23га жерди сел алгандыгына байланыштуу ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) Айыл чарба, суу чарба,мелиорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу
комиссиясы Куршаб айыл өкмөтүнүн келип түшкөн кириш №23 05.07.2021жылдагы катына ылайык, Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу АЧЖМФЖнен ижарага алган 23га жерди сел алгандыгына байланыштуу ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү маселени алдын ала карап талкуулап чыгып, Куршаб айылдык Кеңешинин (жетинчи шайланган) III кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. 2021-жылдын 6-7 майда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен зыян тарткан ижарачыларды зыяндын көлөмүнө жараша комиссиянын 08.05.2021-жылы түзгөн актысынын негизинде ижара акысынан 1 жылдык мөөнөткө гана бошотулсун.
2. Мындан ары ушундай табигат кесепеттерин алдын алуу иш чараларын жүргүзүү айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагын Айыл чарба, суу чарба,мелиорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Жумаев Б.Э. |