Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 9
Куршаб айыл өкмөтүнүн балансындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине ARIS тарабынан келген оор техникалардын аренда акысы жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) Айыл чарба, суу чарба,мелорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы Куршаб жайыт пайдалануучулар бирикмесинен келген кириш №20 24.06.2021жылдагы катын карап жана Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттары отурумунда талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөнбөгөн акчаларды тактап сот аркылуу өндүрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн балансындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине ARIS тарабынан келген оор техникалардын аренда акысы баштапкы баа коюлуп аукцион аркылуу бекитилип берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Жумаев Б.Э. |