Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 11
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айлыгына аткарган иштери боюнча отчету, үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын алты айлыгына аткарган иштери боюнча отчету, бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3- пунктуна ылайык алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (жетинчи шайланган) IV -кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын алты айлыгына аткарган иштери боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.(Тиркемелер №1, №2)
2.Куршаб айыл өкмүтүнүн 2021-жылдын бюджетинин 6айлыкка үнөмдөлгөн акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.(Тиркеме №3 ).
3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Жумаев Б.Э. |