Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 14
Куршаб айыл өкмөтүнө муниципиалдык менчигине каттоо аркылуу өткөн жерлер жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) Айыл чарба, суу чарба, мелиорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын III-кварталында аткарыла турган иш планына ылайык Куршаб айыл өкмөтүндөгү 2020-21 жылдагы муниципиалдык менчикке өткөн жер тилкелерин кайрадан тактап, талкуулап Куршаб айылдык кеңешинин (Жетинчи шайланган) IV кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Куршаб айыл өкмөтүнө муниципиалдык менчигине алынган жерлерин тактап, иретеп мыйзамдуулугун карап, эгер мыйзам бузуулар менен берилип, документери толук болбой турган болсо, ошол токтомдордун мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жүктөлсүн.
2.Жерге керектүү иш кагаздарын даярдап тактап укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Өз учурунда жерге тиешелүү иш кагаздарын даярдап тактабай өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыгы үчүн жерге тиешелүү адистерге кызматтык эскертүү берүү жагы сунушталсын.
4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,
регламент, этика жана турак жай, өнөр жай, курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Жумаев Б.Э. |