Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 15
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айына карата бюджетке берилген кошумча план жана кээ бир киреше булактардын планынан кыскартуу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айына карата бюджетке берилген кошумча план жана кээ бир киреше булактардын планынан кыскартуу жөнүндө маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3- пунктуна ылайык алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (жетинчи шайланган) V -кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине алты айынын ичинде киреше бөлүгүндөгү салыктардын планга карата ашыкча топтолгондугуна байланыштуу кошумча план алынсын жана акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.(тиркеме №1 ).
2. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын ата-энелер төлөмүнөн атайын каражаттар эсебинен Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине алты айынын ичинде пландан 500 000сом кыскартуу каралсын. (тиркеме №2).
3. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу А. Тангатаров интернат-гимназиясынын ата-энелер төлөмүнүн атайын каражаттар эсебинен Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январь айына калган калдыкка 79626 миң сом, кошумча смета түзүү үчүн план бөлүп берилсин. (тиркеме №3).
4. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы |
Жумаев Б.Э. |