Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын I сессиясы
2022-жылдын 10-февралы № 1/2
Учкун айылдык Кеңешинин депутаты Б. Кайыповдун айылдык Кеңештин сессиясына кийриген сунушун талкуулоо жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселе :
Учкун айылдык Кеңешинин депутаты Б. Кайыповдун 07.02.2022 –жыл Учкун айылдык Кеңешине берген сунушун талкуулоо тууралуу.
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Учкун айылдык Кенешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.К. Р. нын “ Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө “ Мыйзамынын 10 –беренесинин 2 –абзацынын 2 – жана 4 –пункттарын жетекчиликке алуу менен айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндөгү токтомго , Бюджеттик Кодекстин 125 –беренесинин 4 –бөлүгүнө жана 126, 127 –беренелерине ылайык :
а)Кезектеги жылга жактырылган бюджеттин долбоору
б)Айыл аймагынын бекитилген бюджети
в)Боюджеттин аткарылышы жөнүндөгү жылдык отчёт
г)Бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү ар бир айлыктын отчёту
Учкун айыл айыл өкмөтүнө аткаруучу орган катары - бекитилип, жактырылгандан кийин 15 календарлык күндүн ичинде расмий сайтка, Куланак жана Учкун айылдарынын маалымат такталарына жайгаштырып туруу жагы милдеттендирилсин.
2.Айыл аймактын жарандык бюджети КР Өкмөтүнүн 05. 10 2017 –жыл № 653 Токтомуна жана методикага ылайык веб –багытталган тиркемеге, Куланак жана Учкун айылдарынын маалымат такталарына бекитилгенден ( жактырылгандан ) кийин 15 күн ичинде жайгаштырылсын.
3.Айыл аймактын бюджеттик айкындуулугунун муниципалдык индекси жарандардын демилгечи топтору (коммеррциялык эмес уюмдар ) тарабынан бааланып жана аныкталып, коомдук баалонун натыйжалары расмий сайтка жайгаштырылып, айыл аймактын бюджетинин айкындуулугунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөт жана айылдык Кеңеш тарабынан эске алынсын.
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Осмоналиев
|