Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын II сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 2/2
К. Р. нын Президенти С.Жапаровдун № 54 Жарлыгына жана ички тарифтерди бекитүүгө байланышкан маселелер жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе:
К. Р. Нын Президенти С. Жапаровдун № 54 Жарлыгы жана ички тарифтерди бекитүү боюнча 15 – март 2022 – жыл Куланак айылынын элинин жалпы чогулушунун № 5 токтомун, 16 – март 2022 – жыл Учкун айылынын элинин жалпы чогулушунун № 6 токтомун бекитүү тууралуу.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.15 – март 2022 – жыл Куланак айылынын элинин жалпы чогулушунун № 5 жана Учкун айылынын элинин жалпы чогулушунун 16 – март 2022 – жыл № 6 протоколдору негизинен бекитилсин. Анын ичинен :
а) Каза болгон маркумду узатууда жалпы айыл эли үчүн мал сойулбасын.Алыстан, сырттан келген куда – сөөктөр, жерге – жээктерди узатуу үчүн сойулчу малга өз шарттарына карап, 1 кой – 1 бододон ашпаган чектөө киргизилсин.
б) Мүмкүндүккө жараша сырттан келгендерди узатуу, маркумдун сөөгү чыккан үйдөн эмес, туугандары, коңшулары тарабынан колдоого алынсын.
в) Аялдар Кеңеши иштеп чыккан Жободогу сунуштардын негизинде :
---- Той дасторкону болбогондуктан салаттын түрлөрү, жер – жемиштердин түрлөрү, кондитердик азыктар, хворост, саңса ( нан, боорсоктон сырткары ) оокаттар коюлбасын.
---- Баштык алып баруу жана баштык алып кетүү жөрөлгөлөрү токтотулсун.
---- Чачыла чачуу жана жыртыш ( платочка ) берүү токтотулсун.
---- Маркумдарга кымбат баалуу эстеликтерди койбоо жагы сунушталсын.
2.Айылдарда каада – салттарды, үрп – адаттарды камтыган тойлордун түрлөрүн, (бешикке салуу, тушоо кесүү, балдарды сүннөткө отургузуу, куда тосуу ж.б.) үйлөнүү үлпөтүн, үй – бүлөлүк маараке салтанаттарын жана башка салтанаттарды белгилөө ысырапкорчулукка жол бербей өткөрүлсүн.
3. Учкун айыл аймагында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым – жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
4. Атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө, коомдук уюмдарга бул багытта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети тапшырылсын.
5.Мал багуу жана техникаларга коюлган тарифтер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Куланак айылы боюнча: Учкун айылы боюнча
Кой – эчки багуу --- 40, 45 сом Жайында – 40 сом, кышында – 45 сом
Уй --- багуу 250 сом 250 сом
Бука --- 300 сом 300 сом
Жер айдоо --- дың жер – 1500 сом, 25 л.май, 1500 сом, 25 л.май
Аңыз -- 1000 сом, 20 л.май 1000 сом, 20 л. май
Тырмоо --- 500 сом, 10 л. май 500 сом, 10 л. май
Себүү --- 500 сом, 10 л. Май 500 сом, 10 л. май
Арык тартуу --- 1 га - 200 сом, 2 л.май Ар бир метрине 2 сом, майы ичинде
Чөп чабуу --- 1000 сом, 10 л. май 1000 сом, 10 л.май
Престөө --- 8 сомдон 8 сомдон
Чөп тартуу --- 2 сом 50 т, майы аралык боюнча. 4 сом, май аралыкка жараша
Эгин чабуу --- 1800 сом, 20 л. май 1800 сом, 20 л. май
6.Токтомдун экинчи пунктунда көрсөтүлгөн тарифтерди бузган шартта ( өзүм билемдик кылып ) мал баккан адамдарга жана механизатор, айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгы эскертилсин.
7. Корук мезгилинде камакка түшкөн мал өз учурунда ээси тарабынан чыгарылып кетпей өлсө, корукчу жооптуу болбосун. Корук 20 – апрелде башталсын. Эгерде мал талаага түшүп, бирөөнүн эгин –чөбүнө чоң зыян келтирсе 20.000 сомдон кем эмес айып пул салынсын
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Тостоков
|