Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын II сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 2/3
Учкун айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын саны жана анын курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды талкуулоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе:
Учкун айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын саны жана анын курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды талкуулоо тууралуу.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.Учкун айылдык Кеңешинин 4 туруктуу комиссиясынын ордуна 3 туруктуу комиссия түзүү тууралуу депутаттардан түшкөн сунуш колдоого алынсын.
2.Туруктуу комиссиялардын аталыштары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин :
а) Социалдык маселелер, жаштар иштери, спорт жана маданият, регламент, этика, мандат, мыйзамдуулукту жана укуктук негиздерди сактоо боюнча комиссия.
б) Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар жана ММК менен байланыш боюнча комиссия.
в) Айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыштар, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссия.
3. Өзгөрүү болгон туруктуу комиссиялардын сандык жана курамдык составы
боюнча ( Төрагалар, орун басарлары, мүчөлөрү ) бекитүү жагы кийинки сессияга сунушталсын.
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Тостоков
|