Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын II сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 2/4
Учкун айылдык милиция бөлүмүнө курулуш куруу боюнча жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе
Учкун айылдык милиция бөлүмүнүн ( ПОМ ) курулушу үчүн жер участогун бөлүп берүү боюнча Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Өмүрзаковдун кайрылуусу тууралуу.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.Учкун айылдык Кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын ушул маселени караган 04.04. 2022 – жыл № 1 чечими бекитилсин.
2.Куланак айылдык милициясына ( ПОМ ) азыркы ордунан курулуш куруу үчүн 0, 15 га жер участогун бөлүп берүү боюнча кайрылуусу генпланга жана архитектуралык талаптарга жооп бербегендигинин негизинде канааттандыруусуз калтырылсын.
3.ПОМдун ишин улантуу зарылчылыгы келип чыккан шартта Куланак айылындагы № 86 кесиптик лицейинин бош турган бөлмөлөрүн пайдалануу сунушталсын.
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Тостоков
|