Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын II сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 2/5
Учкун айыл аймагынындагы бала бакчалардын ата-энелери тарабынан тамак ашка чогулткан взносторуна байланышкан маселе жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе:
Учкун айыл өкмөтүнүн аймагындагы “ Таңгабийке – Бердике “, “ Раушан – Учкун” бала бакчаларынын ата –энелер тарабынан тамак ашка чогулта турган суммасына өзгөртүү киргизүү тууралуу.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.Учкун айылындагы “ Раушан – Учкун “ бала бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата – энелеринен тамак аш үчүн чогултулуп келген 500 сом, ата – энелер чогулушунун макулдугунун негизинде 600 сом болуп бекитилсин.
2. Куланак айылындагы “ Таңгабийке – Бердике “бала бакчасынын да ата – энелер взносу өз макулдуктарынын негизинде 600 сом болуп бекитилсин.
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Тостоков
|