Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын II сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 2/6
“Учкун айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын жана төш белгисин ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе:
Куланак айылындагы № 1 ГСВнын башкы эмчиси С. Асановага “ Учкун айыл аймагынын ардактуу атуулу “ наамын жана төш белгисин ыйгаруу тууралуу.
Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1.Пандемия учурунда өзүнүн эмгек жамааты менен биргеликте жалпы айыл калкынын ден соолугу үчүн кам көрүп, жасаган зор иштери үчүн Куланак айылындагы ГСВ № 1 ооруканасынын башкы эмчиси Асанова Сайрабүбүгө “Учкун айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы, төш белгиси ыйгарылсын.
2. Сыйлыкты жалпы айыл калкынын чогулушунда тапшыруу милдети Учкун айылдык Кеңешинин төрагасына жана Учкун айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Учкун айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Тостоков
|