Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 1/2
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга өкмөттүн токтомдоруна жана жоболоруна каршы келбегендей К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин регламентин толук талкуулоонун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын регламенти кабыл алынсын (регламент толук тиркелет).
2. Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылыш камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Регламентти Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы К.Абдрамановага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 1-отурумунун 2021-жылдын 14-майындагы № 1/2 токтому менен бекитилген
(2021 -жылдын 14-майындагы К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын № 1/2 токтому менен бекитилген К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин регламентинин редакциясы)
К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I-БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
Айылдык кеңеши
2-Глава
Айылдык кеңешинин компетенциясы
П БӨЛҮК
3-Глава
Айылдык кенешинин төрагасы жана кеңештин төрагасынын орун басары
3-1 глава
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча айылдык кеңештин депутаттары жана депутаты тарабынан көрсөтүүнүн тартиби
4-Глава
Айылдык кеңешинин катчысы
5-Глава
Айылдык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби
6-Глава
Айылдык кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
7-Глава
Айылдык кенешинин токтом долбоорлорунун кароо тартиби
IV БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин Регламенти
8-Глава
Айылдык кеңешинн Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» (15.07.2011-жыл № 101, 30.11.2011-жыл №228, 17.03.2012-жыл №20, 19.06.2012-жыл, 03.08.2012-жыл №149, 10.08.2012-жыл №164) жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1. БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
Айылдык кеңеш
1.1. Айылдык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кеңеш өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык кеңеш белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
1.5. Айылдык кеңешинин уюштуруучу-укуктук иштоо формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-Глава
Айылдык кеңешинин компетенциясы
2.1.Айылдык кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү,
ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты
социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилидиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) Жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципиалдык менчик обьекттерин менчиктештируу программасын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципиалдык менчиктин пайдаланылышына контролдукту ишке ашыруу;
6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык – аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) Айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) Өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү
өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14)Муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15)алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо; 16)ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо; 17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
18)Айылдык округдун башчысын шайлоо;
19)Айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу
менен ишенбестик билдирүү;
20) Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген (дифференцияланган) ставкаларын белгилоо;
21)Айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды, кайра
болүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
22) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.
23) Айылдык кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
24) Айылдык кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө айылдык кеңештин структурасы жөнүндө чечим кабыл алат.
П БӨЛҮК
3-Глава
Айылдык кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары
3.1. Айылдык кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын жарымынан ашык добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык кеңешинин төрагасы:
- Кенештин сессиясын чакырат;
- Сессияга төрагалык кылат;
- Айылдык кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш -кагаздарына кол коет;
- Айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат;
-Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Айылдык кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, шайланган депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
3.3.Айылдык кеңештердин төрагалары өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарылат.
3.4.Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкерди
Төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын
аткарат жана төрага өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда төраганын милдетин аткарат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук
башталышта алып барат.
3.7. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын үчтөн бир
Бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутататтардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4- глава
Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна сунуштоонун жана шайлоонун тартиби.
4.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
4.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, болуп өттү деп эсептелет. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан ашык көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
4.3. Айылдык округдун башчысына талапкерлерди сунуштаган айылдык кеңештин депутаттары же депутаты шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбей аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгү документтерди сунуштайт:
1) айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерди көрсөтүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечими
2) талапкердин айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайлоого катышууга макулдук арызы
3) талапкердин өмүр баяны
4) адистерди каттоого алуу боюнча сүрөтү жабыштырылган өздүк баракчасы (личный листок по учету кадров)
5) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөсү
6) ноториалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку билими жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү.
7) резюме (справка-объективка)
8) соттолбогондугу жөнүндө маалымат.
5-Глава
Айылдык кеңешинин катчысы
5.1. Айылдык кеңешинин катчысынын милдетин Айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы аткарат.
5.2. Айылдык кеңешинин катчысы:
- Айылдык кеңешинин катчы сессиянын протоколун жүргүзөт;
- Айылдык кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш-кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык кенешинин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана кенештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- Айылдык кеңешинин жана сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
6-Глава
Айылдык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл кылуу үчүн түзүлөт.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзөт, мурдагы түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.2. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.Комиссиялар өзүнүн төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыты боюнча кичи комиссияларды түзө алышат
6.3.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окмуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.4. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
6.5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомостволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативтүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
6.6. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жана сандык курамы аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III-БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин ишинин жалпы тартиби
7-Глава
Айылдык кеңешинин сессиясын өткөрүүнүн тартиби
7.1. Айылдык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
Айылдык кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин талабы менен өткөрүлөт жана жалпы депутаттардын үчтөн экиси катышса кворум бар деп эсептелинет.
Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө даярдалат.
7.2. Айылдык кенешинин депутаттары кенештин сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
7.3. Айылдык кенешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
7.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
7.5. Айылдык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
7.6.Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
7.7. Айылдык кенңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылынуучунун колу коюлат.
7.8. Керек болгон учурларда айылдык кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
8-Глава
Айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
8.1. Айылдык кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду бөлүүсү керек.
8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кеңешинин протоколунан киргизүүгө укуктуу.
8.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
8.6. Токтом долбоору бардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңешинин чечимин тиешелүү аткаруучуларга таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8 Айылдык кеңешини кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан (менчигинин түрүнө карабастан) ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
IV БӨЛҮК
Айылдык кеңешинин Регламенти
9- Глава
Айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
9.1. Айылдык кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламентин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
9.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
9.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
9.5. Регламент жана Регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы :- К.Абдраманова