Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 1/4
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын №3 К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча, өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулоонун негизинде, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын № 3 К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасын жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу бекитилсин.
2. Жашыруун жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын элүү пайыздан ашык добушун алган К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин депутаты Койчиев Лунарбек Капарович айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинсин.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Л. Койчиев |