Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 3
Сопу-Коргон айылында таштандыга болгон тарифти бекитип берүү жөнүндө
Сопу-Коргон айылында 2021-жылдын 29-июнунда уюшулган №01 элдик жыйындын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинини 14-пунктуна ылайык Сопу-Коргон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Т.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сопу-Коргон айылында катуу тиричилик калдыктары үчүн төлөм айына үй башына 40 (кырк) сом болуп бекитилсин жана бухалтердик эсеп менен жүргүзүлсүн.
2.Калктан тиричилик калдыктары үчүн акча каражат чогултуу, жана каражатка натыйжалуу таштанды чыгаруу иретке келтирүү иштерин уюштуру «Тазалык» муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3.Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмүнөн көрсөтүлгөн тарифти мыйзамдуулугун текшертип жана бекиттирип келүү «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Т.Кадыровго милдеттендирилсин.
4.Чогултулган акча каражатын тескөө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |