Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 3/1
Сопу-Коргон айылындагы жабык типтеги футбол аянтчасы жөнүндө
Сопу-Коргон айылындагы ачык типтеги Сопу-Коргон футбол аянтчасынын ишмердүүлүгүн жандантуу жана айрым секцияларды ачуу боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сопу-Коргон футбол аянтчасын айыл өкмөтүнүн тургундарына саатына 250 (эки жүз элүү) сомдон, башка айыл өкмөтүнүн тургундарына 300 (үч жүз) сомдон ижара акысы бекитилсин.
2.Ижарадан түшкөн каражатты үч күндө бир айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына төгүлсүн жана айдын аягында кирешенин 30 пайызы көзөмөлдөчүүгө эмгек акы катары берилсин.
3. Жарандардын ден-соолугун жакшыртуу жана спортко көңүл буруу максатында жуманын дүйшөмбүдөн ишембиге чейинки күндөрү кечки 17:00-19:00 аралыгында спорттун футбол оюнун жакшыртуу үчүн акы албастан секцияларга берилсин.
4.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп окуучулары үчүн жаш курагы боюнча 1-класстан 5-класска чейин бир секция, 6-класстан 8-класска чейин бир секция жана 9-класстан 11-класска чейин бир секция болуп үч секция уюштурулсун жана мектеп окуучуларына 19:00 кийин ойноого уруксат берилбесин.
5.Жарандардын техникалык коопсуздугун сактоо боюнча инструкция берүү жагы футбол аянтынын көзөмөлдөөчүсүнө милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго тапшырылсын.
7.Ушул токтомду көзөмөлдөө Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |