Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 3/2
«Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасын ордунда калтыруу боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы калтырылсын.
2. Ишмердүүлүгүн «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүү Кадыров Таалайбекке милдеттендирилсин.
3.«Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердигин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |