Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 3/4
Кичи жана Чоң-Памирден көчүп келген этникалык кыргыздарга материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 21-июнундагы №115 Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча буйругунун негизинде К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18500 (он сегиз миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүн берилсин.
2. Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү максатында каралган акчаны карап таап берүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Л. Койчиев |