Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 3/5
Көлдүк айылына таза-суу түтүгүн тартуу жөнүндө
Көлдүк айылында 2021-жылдын 28-июнунда уюшулган №01 элдик жыйындын протоколунун негизинде Көлдүк айылына кошумча таза-суу түтүгүн тартуу максатында Көлдүк айылынын айыл башчысы Т.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айылына Көлдүк жайлоосунун Кара-Жылга участкасынын Алыштын башынан 9 км аралыкка таза-суу түтүгүн тартуу боюнча уруксат берилсин.
2.Кара-Жылга участкасынын чатынан айыл арасына чейинки 9 км аралыкты изилдөө менен тешелүү мамлекеттик органдардан корутундулар алынсын.
3.Таза-Суу тартуу иштерин жандантып тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл башчы Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |