Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 3/5
Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө
Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Газиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы К.Газиевдин маалыматы эске алынсын жана ишин жандантсын.
2. Авто погрузчиктин айдоочусу К.Ариновдун иши канаттандыраарлык эмес деп, баалансын.
3.Хово автосамосовалынын айдоочусу М.Закирбаевдин иши канаттандыраарлык деп белгиленсин.
4. Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техникаларды мыйзам чегинде атайын кабыл алынган эрежелер жана техниклык коопсуздук талаптарына ылайык иштешин көзөмөлдөө жагы Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Газиевге жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Л. Койчиев |