Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 5-августу № 4
Сопу-Коргон айылына кире бериш жерге айылдын Эн белгисин орнотуу үчүн, жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылына кире бериш жерге айылдын Эн белгисин эстелик манументин орнотуу максатында, К.Белекбаев атындагы Алай айыл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылына кире бериш жерге айылдын Эн белгисин эстелик манументин орнотуу максатында “Ош-Сары-Таш-Эркештам” эл аралык жолдун эки четинен 119,1 км аралыгынан 24,0 чарчы метр2 жер тилкеси чектелип берилсин.
2.Эстелик манументинин айланасын көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерине уруксат берилсин.
Иш кагаздарын мыйзам чегинде каттап берүү “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Алай филиалынан жана Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Машаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Л. Койчиев |