Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 9-августу № 5/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылына жаңыдан эмкана жана балдар бакчасын куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылындагы К.Султанов атындагы орто мектебине тиешелүү идентификациялык номери 5-01-01-1006-0304 коду менен катталган жер учаскасынын жана тиешелүү регистрациялык делосун карап чыгып, зарылчылдыкка жараша бала бакчага жана эмкана куруу үчүн тиешелүү жер тилкелери бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган К.Султанов атындагы орто мектебине тиешелүү 12102,30 чарчы метр жер тилкесинин ичинен элдин талабына ылайык эмкана куруу үчүн 400,0 чарчы метр жана балдар бакчасына 2963,00 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2.Иш кагаздарын кайрадан ондоп берүү Алай райондук “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан жана Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |