Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 7/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы мурдагы башталгыч мектептин имаратын максаттуу багытын өзгөртүп балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн балансындагы Көлдүк айылындагы мурдагы башталгыч мектептин 5-01-01-1003-0035 сандуу коду менен катталган жер участогу жана имараты менен балдар бакчасына өткөрүп берүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнун башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы муниципалдык менчигинде турган мурдагы башталгыч мектептин имараты жайгашкан 495,0 чарчы метр болгон жер аянты балдар бакчасына бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |