Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 7/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2021-2022-жыл үчүн белгилөө жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелерине ата-энелерден алынуучу төлөмдөр жана 2 (эки) ай июль, август айлары үчүн каникулга чыгуу жөнүндө ата-энелер чогулушунун протоколу менен таанышып жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-отуруму токтом кылат:
1.Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринин ата-энелерден алынуучу төлөмдөр төмөндөгүдөй болуп белгиленсин .
№30 «Чүрөк эне» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 500 (беш жүз) сом
№34 «Терек бүчүрү» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 500 (беш жүз) сом
№13 «Гүлкайыр» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 500 (беш жүз) сом
№22 «Көлдүк жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 600 (алты жүз) сом
№8 «Кызгалдак көктөмү» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесине ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 600 (алты жүз) сом
2.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелерине ата-энелерден алынуучу төлөмдөрү өз убагында топтоп, аны мыйзам чегинде иштетүү мектепке чейинки билим берүү уюму, мекемелеринин башчыларына милдеттендирилсин .
3.Жылдын июль, август айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланышту 2 (эки) ай каникул берилиши жана ата-энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4.Ата-энелер тарабынан берилүүчү төлөмдөрдү антимонополия агентигинен бекитип келүү жагы мектепке чейинки билим берүү уюму, мекемелеринин башчыларына милдеттендирилсин .
5.Ушул токтомдун аткарылшын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |