Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 7/4
№11 Султанов атындагы орто мектептин эскилиги жеткен кошумча корпусун бузуу жөнүндө
№11 Султанов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен эски корпусунун пайдаланууга жараксыз актынын негизинде жана техникалык иш кагаздары жок имаратты бузуу максатында комиссиянын курамын бекитип берүү боюнча Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсун талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№11 Султанов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен эски корпусун пайдаланууга жараксыз актынын негизинде жана техникалык иш кагаздары жок имаратты бузуу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.
1.Жусуева Бурулча – комиссиянын төрайымы, Султанов атындагы орто
мектептин директору.
2.Ниязова Сүйдүмкан – комиссиянын катчысы, метеп мугалими
Мүчөлөрү:
3. Машаев Бактыбек – комиссиянын мүчөсү жер адиси
4. Эргешов Сулайман– комиссиянын мүчөсү ардагер мугалим
5. Токторбаев Илимбек - комиссиянын мүчөсү айыл тургуну
6. Баев Абдубали – комиссиянын мүчөсү айылдык кеңештин депутаты
7. Абылаева Гулмира– комиссиянын мүчөсү айылдык кеңештин депутаты
8. Жумаев Абдыкадыр – комиссиянын мүчөсү айылдык кеңештин депутаты
9. Аматов Саламбай - комиссиянын мүчөсү айыл тургуну
2.Бузулган имараттардан чыккан материалдык баалулуктар аукцион менен сатылып, айыл өкмөтүнүн эсеп кысабына төгүлсүн жана сатуу иштерин уюштуруу, аукционду мыйзам чегинде өткөрүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
3.Сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүп мектептин чарбалык иштерине жумшоо жагы мектеп директору Жусуева Бурулчага милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |