Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 7/5
Муниципалдык менчикте турган жерлерди тактап жана мыйзамга ылайык документтештирүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы муниципалдык менчикте турган жерлерди тактап жана мыйзамга ылайык документтештирүү боюнча комиссиянын курамын түзүү максатында Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы муниципалдык менчикте турган жерлерди тактап жана мыйзамга ылайык документтештирүү боюнча айыл өкмөтүндө төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Кадыров Т. Айылдык кеңештин депутаты -комиссиянын төрагасы
2. Машаев Б. - комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн жер адиси
3.Темишов К.- айылдык кеңешинин депутаты-комиссиянын мүчөсү
4. Жумаев А - айылдык кеңешинин депутаты-комиссиянын мүчөсү
5. Кудаяров А- айылдык кеңешинин депутаты-комиссиянын мүчөсү
6. Бардык айылдардын башчылары
2.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы муниципалдык менчикте турган айыл чарбасына жарактуу жана жараксыз бош жаткан жерлерди тактап келишимдин негизинде жарандарга ижарага берүү жана мыйзамга ылайык документтештирүү жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |