Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 22-сентября № 7/6
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы Сопу-Коргон Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратын КР ИИМ не өткөрүп берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн балансындагы Сопу-Коргон айылындагы 5-01-01-1004-0148 сандуу коду менен катталган жер участогу жана имараты менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнун башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылындагы муниципалдык менчигинде турган Сопу-Коргон Аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имараты жайгашкан 708,52 чарчы метр болгон жер аянты имараты менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүлүп берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |