Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 7/7
Чий-Талаа айылынын Кызыл-Кыштоо участкасына таза-суу түтүгүн тартуу жөнүндө
Чий-Талаа айылында 2021-жылдын 15-августунда уюшулган №01 элдик жыйындын протоколунун негизинде Чий-Талаа айылынын Кызыл-Кыштоо участкасына таза-суу түтүгүн тартуу максатында Чий-Талаа айылынын айыл башчысы Б.Шанаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чий-Талаа айылынын Кызыл-Кыштоо участкасына Ыргайлуу жайлоосунан 3,5 км аралыкка таза-суу түтүгүн тартуу боюнча уруксат берилсин.
2.Ыргайлуу жайлоосунан айыл арасына чейинки 3,5 км аралыкты изилдөө менен тешелүү мамлекеттик органдардан корутундулар алынсын.
3.Таза-Суу тартуу иштерин жандантып тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл башчы Б.Шанаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Л. Койчиев |